Адылбек Бийбосунов Ат-Башы районунун жашоочулары менен жолугушту

Адылбек Бийбосунов Нарын облусунун Ат-Башы районунун жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 14-сентябрда президент Садыр Жапаровдун элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелеринен кабар алуу тапшырмасынын алкагында Ат-Башы районунун эли менен ИИМдин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Ат-Башы районунун эли менен жолугушту.

Жергиликтүү тургундар бийлик өкүлдөрүнө социалдык-экономикалык жана күч түзүмдөрдөрүнүн ишмердүүлүгүнө байланышкан суроолору менен кайрылышты.

Ошондой эле, чек ара маселелери, үлүш жерлер, жер тилкелерин трансформациялоо, сугат жерлерге суулардын жетишсиздиги, ички жана тышкы миграция, жөлөк пул алуу маселеси, пенсия курагына жеткен жарандарды пенсия чыгарып, жаштарга орун берип, жумуш менен камсыз кылып берүү жагын кароо, кыш мезгили жакындап калгандыгына байланыштуу көмүр кени менен камсыз кылып, туура бааны коюп берүү жагын талап кылышты. Мындан сырткары мектеп, бала бакча, спорт залдар, оорукана, ички жолдорго байланыштуу жана башка бир катар маселелер көтөрүлдү.

ИИМден келген тиешелүү кызматтардын жетекчилери милициянын ишмердүүлүгүнө байланышкан жарандардын арыз-даттанууларын, кайрылууларын кат түрүндө да кабыл алышууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД