Бекназаровдун уулу "Хизбут-Тахрирдин" материалдарын тараткан деп шектелүүдө

Экстремисттик материалдарды таратуу фактысы боюнча иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан социалдык тармактарда экстремисттик материалдарды таратуу фактысы боюнча кылмыш иши иликтенип жатат. Интернет мейкиндигине мониторинг жүргүзүүнүн жүрүшүндө "Фейсбук" социалдык тармагында Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган "Хизбут-Тахрир-аль-Ислами" экстремисттик-террористтик уюмунун идеологиясына үндөгөн материалдарды жайгаштырып, таратып жаткан аккаунт аныкталыган.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу беренеси боюнча катталган. Кылмыш ишинин алкагында 1981-жылы туулган жаран Р.Б. (Руслан Бекназаров) ИИМдин Тергөө кызматына суракка чакырылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД