
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-жылдын 14-сентябры саат 16.00гө карата Баткен облусунун Баткен районундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон сакталып тургандыгын маалымдайт.
"Самаркандек" чек ара заставасынын аймагындагы Паскы-Арык жерлигинде ок атышуу токтоду.
Эрте мененки саат 08:10дон баштап Баткен облусунун аймагында тажик тараптын провокациялары менен коштолуп, улам ок атышуулар маал-маалы менен орун алууда.
Ошентип, саат 08:10до Булак-Башы аймагында куралдуу кагылышуу болуп, саат 14:00дө тажик тарап Как-Сай жерлигинде, ал эми саат 15:08де Паскы-Арык жерлигинде тажик тараптан ок атуулар башталган.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү эми Паскы-Арык жерлигинде уланары күтүлүүдө.
Чек ара өкүлдөрү чыр-чатак орун алган жерлерди кыдырып, атышуулардын чоо-жайын такташууда.