
Таалайбек Ибраев энергетика министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Ага президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен энергетика министринин милдеттерин аткаруу жүктөлдү.
Бул кызматты буга чейин Эркин Тавашаров аркалап келген.