Бразилиянын президентине беткап тагынбаганы үчүн айып салынды

Бразилиянын президенти Жаир Болсонару массалык иш-чарага беткапсыз катышканы үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу euronews.com жазды.

Ал ишемби, 12-июнь күнү өзүнүн тарапташтарынын мотоциклдер жүрүшүнө катышкан. Президент сыяктуу эле жүрүштө болгон адамдардын көбү беткап тагынган эмес. Алар эмдөөдөн өткөн адамдарга беткап тагынбай койсо болот деп чуу чыгарышкан.

Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, Болсонаруну колдоо акциясына 12 миң мотоциклчен киши катышкан. Сан-Паулу штатынын өкмөтүнүн басма сөз кызматы коомдук жайларда беткап тагынуу эрежесин бузганы үчүн президентке 110 доллар айып салынганын билдирди.

Май айында да Болсонару Мараньяо штатындагы өзүнүн тарапташтарынын катышуусу менен өткөн митингде беткапсыз болгону үчүн айыпка жыгылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД