Талас милициясы: Мал айдоо жол кыймылына жолтоо болбошу керек

Мал айдоо иштери жол кыймылына жолтоо болбошу керек. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Талас ОИИБдин ЖКККБ кызматкерлери тарабынан Тараз-Талас-Суусамыр автожолунда​ малдын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу максатында аракеттер көрүлүүдө.

Ошондой эле Талас-Тараз-Суусамыр автожолунун ​ жээгинде жайгашкан айылдардын тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аларга малдарын түнкүсүн короого камап, жолго ээн чыгарбашын эскертишти.​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​

Мал жандыктарын кароосуз ээн коё бергендин себебинен, жылкылар түнкүсүн жолго чыгып​ анын кесепетинен жол транспорт кырсыктары катталып жаткан учурлары эскертилди.

Мындан сырткары, Суусамыр жана башка жайлоолордон көчүп келе жаткан малчыларга жолдон айдоо эрежелерин сактап, унааларга тоскоолдук жаратпоо керектигин эскертишти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД