
2022-жылдын 9-сентябрында ЮСАИДдин жаштардын жарандык турмушка катышуусун колдоо боюнча Демилгелүү жаштар долбоору, жигердүү жаштардын эмгегин белгилөө боюнча жыйынтыктоочу конференция өткөрдү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын булуң-бурчунан жүздөгөн жаштар катышып, форумдун спикерлери – жаш ишкерлер, лидерлер жана активисттер долбоордун колдоосу менен жетишкен ийгиликтер тууралуу айтып беришти.
Таалайбек Бердиев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Жаштар саясаты боюнча бөлүмдүн жетекчиси, Кая Адамс, ЮСАИД/Миссиянын директору, жана Баркат Фазал, Ага Хан өнүктүрүү тармагынын (АКДН) Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлү катышуучуларды куттуктап, куттуктоо сөздөрүн айтышты.
2018-жылдан бери 600дөн ашык жаштар дебаттык көндүмдөрдү үйрөнүштү, лидерлик жана оратордук жөндөмдөрүн жогорулатышты, жергиликтүү бюджеттер жана башка көптөгөн нерселерди тууралуу түшүнүгүн Демилгелуу жаштар долбоору аркылуу жогорулатты. Жалал-Абад жана Нарын облустарынын жаштары өз коомдорунун жарандык, социалдык жана экономикалык жашоосуна активдүү жана позитивдүү салым кошууга үйрөнүштү. 400ден ашык жаштар кесиптик көндүмдөрдү үйрөнүп, иш билгиликтерин курчутушту. Курстарды аяктагандан кийин, тандалган жаш ишкерлер бизнесин баштоо же иштеп жаткан бизнесин жакшыртуу үчүн гранттарды алышты.
Демилгелуу жаштар 750дөн ашык жаштарды бириктирип, 24 Жаштар жумушчу топторун түзүүнү колдоду. Жаштар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жаштарга жардам берүү саясатын иштеп чыгуу үчүн иштешти. Алар ошондой эле COVID-19 пандемиясынын учурунда мектептердеги санитардык абалды жакшыртуу, китепканаларды ачуу, бала бакчаны оңдоо, адамдарды коргоо жана башка ушул сыяктуу жаштар башкарган демилгелерди ишке ашырышты.
АКДНдин Өнүгүү боюнча дипломатиялык өкүлү Баркат Фазал кыргыз жаштарын колдоо боюнча АКДН, ЮСАИД жана Кыргызстандын өкмөтүнүн ортосундагы узак мөөнөттүү кызматташтыктын эбегейсиз салымын белгиледи. "Бүгүн өлкөнүн жаш потенциалына инвестиция салуу менен биз эртең жумушсуздук менен жакырчылыкты азайта алабыз", - деди Фазал мырза.