Баткен милициясы кенже жетектөөчү курамдагы кызматтарга конкурс жарыялады

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы кенже жетектөөчү курамдагы кызматтарга конкурс жарыялайт.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, кенже жетектөөчү курамдагы кызматтарга конкурс жарыяланды.

Конкурска 19 жашка толгон жана 30 жашка чейинки жарандар катыша алат.

Алар мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылбаган, анык аскердик кызматты өтөгөн, же үй-бүлөлүк шарттары боюнча альтернативдик кызматты өтөгөн, бою 170 сантиметрден кем эмес Кыргызстандын жараны болушу керек.

Тиешелүү документтер 15-октябрна чейин кабыл алынат. Документтердин тизмегин алуу үчүн жана суроолор боюнча Баткен ОИИБнын кадрлар бөлүмүнө кайрылса болот.

Дареги: Баткен ш. Раззаков көчөсү, 4 байланыш үчүн телефон 0(3622) 5-02-75


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД