
Бүгүн, 15-сентябрда "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк 10-ноябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.
Теңгиз Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасы Октябрь райондук сотунда каралган. Ал УКМКнын тергөө абагында камакта болот.