Кыргызстан жана Тажикстандын ТИМ башчылары чек арадагы кырдаалды талкуулады

Бүгүн, 16-сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддиндин ортосунда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр болду.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Кулубаев чек арадагы көйгөйлөрдү саясий жана дипломатиялык жол менен гана чечүү зарылдыгын дагы бир жолу белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД