Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан 11 адам жабыркады

Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан саат 10:00гө карата 11 адам жабыркап, Баткен облустук бириктирилген ооруканасына түштү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Баткен облусу боюнча координатору билдирди.

Жабыркагандардын абалы жана диагнозу тууралуу маалымат кийинчерээк айтылат.

Баткен облусундагы саламаттык сактоо уюмдары жана тез жардам кызматы күчөтүлгөн режимге өттү. Стационарларда жетиштүү көлөмдө кан, дары-дармек жана медициналык жабдуулар бар.

Эскерте кетсек, 14-сентябрда эртең менен Баткендин Булак-Башы тилкесинде ок атылган. Көп өтпөй тажикстандык чек арачылар Баткендин Как-Сай жерлигиндеги "Достук" жана Паскы-Арык жерлигиндеги "Самаркандек" чек ара заставасына ок чыгарышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД