Кыргыз-тажик чек ара чыры: Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтөт

Бүгүн, 16-сентябрда саат 13:00дө Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтөт.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, ЖКнын төрагасы Талант Мамытов "Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү" мыйзамдын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынын чакырат.

Белгилей кетсек, жыйын жабык эшик артында өтүп, депутаттар Баткен облусундагы кырдаалды талкуулайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД