Кыргыз-тажик чек ара чыры: Жарадар болгондордун саны 18ге жетти

Бүгүн, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам жарадар болгондордун саны саат 11:00гө карата 18ге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Жараат алгандар Баткен облустук бириккен ооруканасына жаткырылган. Алардын абалы жана диагнозу тууралуу маалымат кийинчерээк берилет.

Баткен облусундагы бардык саламаттыкты сактоо уюмдары жана тез жардам кызматы күчөтүлгөн режимде иштөөдө.

Ооруканаларда медициналык жардам көрсөтүү үчүн кандын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү көлөмү бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД