УКМК: Тажик тарап оор бронетехниканы, авиацияны колдонуп жатат

Кыргызстан менен Тажикстандын бардык периметри боюнча оор кагылышуулар жүрүп жатат. Бул тууралуу КР УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүгө караганда, тажик тарап оор бронетехниканы, жалындуу от чыгарган ракеталык системаларды (РСЗУ) жана авиацияны колдонууда.

"Тажикстандын жерден жана абадан жасалган бардык чабуулдарын кыргыз тарап тосуп, Кыргызстандын аймагын, калктуу конуштарын басып алууга мүмкүнчүлүк бербей жатат. Окуя болгон жерде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев атышууну токтотуу жана абалды жөнгө салуу боюнча чараларды көрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД