
2022-жылдын 16-сентябры саат 13:00гө карата Баткен облусунда эвакуацияланып, убактылуу пункттарына жайгаштырылгандар жарандар жууркан-төшөктөр менен камсыз болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, ошондой эле жарандар үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан ысык тамак-аш уюштурулуп жатат.
Жеринде ӨКМ кызматкерлери менен кошо жарандык коргонуу кызматтары, анын ичинде медицина кызматкерлеринен түзүлгөн бригадалар иш алып барууда. Өмүр сакчылары элге психологиялык жана алгачкы медициналык жардам көрсөтүүдө.
Жеринде өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамыркановдун жетекчилигинде кызматкерлер жарандарды эвакуациялоо, убактылуу жайга жайгашыруу пункттарында кабыл алуу, керектүү гигиеналык каражаттар менен камсыз кылуу иштерин көзөмөлгө алууда.