Кыргыз-тажик чек ара чыры: Жабырлануучулардын саны 42ге жетти

16-сентябрда саат 15.00гө карата жабырлануучулар саны 42ге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалымат боюнча, 16-сентябрда саат 15:00гө карата Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарына 42 жабырлануучу түшкөн. Алардын ичинен 19 жабырлануучу Баткен облустук бириккен ооруканасында, 18 жабырлануучу Лейлек Жалпы дарыгерлик практика борборунда, 5 жабырлануучу Лейлек жалпы дарыгерлик практика борборунан Бишкек шаарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына жеткирилди.

Абалы жана диагнозу тууралуу маалымат кийинчерээк берилет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД