Бишкекте жүргүнчүнү урган маршруттук унаанын айдоочусу иштен алынды

Бишкекте жүргүнчүнү урган маршруттук таксинин айдоочусу иштен алынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине караштуу "Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы" муниципалдык ишканасына карамагында турган № 173 каттамдын линиясынын айдоочусу У.Б.Бообеков менен жүргүнчүлөрдү ташуу келишими бузулуп, келишимдик милдеттенмелер да бир тараптуу бузулган.

Айдоочу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик-укуктук актыларын одоно бузгандыгы үчүн иштен бошотулду.

Ошондой эле, жогорудагы каттамдын бригадири менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ал тараптан жүргүнчүлөрдү ташууда этиканы сактоо жөнүндө айдоочулар курамы менен сүйлөшүүлөр уюштурулду.

Эскерте кетсек, маршруттук таксинин айдоочусу эшикти тарс жаап салганы үчүн өспүрүмдү муштап салган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД