
2022-жылдын 16-сентябры саат 14:00гө карата Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курч бойдон калууда.
КР УКМКнын Чек ара кызматы билдиргендей, Чек ара кызматынын өздүк курамы аесуз согуштук аракеттерди көрүүнү улантып, жагдайдын өзгөрүшүнө жараша адекваттуу чараларды көрүүдө, каршылаш тарап ок атууну токтотушу үчүн заманбап курал-жарак жана техникаларды колдонууда.
"Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылышта КР УКМКнын Чек ара кызматы Тажикстандын УКМКсынын Чек ара аскерлеринин "Ляккан" жана "Богдари" чек ара заставаларына сокку урушту жана тажик тараптын бир нече оор техникасын жок кылышты", - деп айтылат маалыматта.
Ведомстводон белгилешкендей, Тажикстандын аскерлери чек арага жакын жайгашкан айылдарынан ок чыгарып, муну менен алардын позицияларына жооп иретинде ок атууга мажбурлоодо. Ошондой эле тажик тарап чек арага жакын жашаган тургундарын "тирүү" калкан катары колдонуп, муну менен карапайым калк арасында чоң жоготууга учуроодо.