Чек арадагы чыр. 24 кыргызстандык шейит кетти

Баткендеги саламаттык сактоо уюмдарына 24 кыргызстандыктын сөөгү түшкөн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-сентябрь саат 01:30га карата (ыкчам маалымат) куралдуу кагылышуулардын натыйжасында саламаттыкты сактоо уюмдарына жалпысынан 87 жабырлануучу жаткырылганын, анын ичинен 5 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.

Жарааттардын мүнөздөмөсү боюнча, негизинен, дененин ар кайсы бөлүгүнө ок тийген жана жарылуудан алган жарааттар.

1. Баткен облустук бириккен ооруканасы - 28 жабырлануучу;

2. ЖДПБ Лейлек - 21 жабырлануучу;

3. ЖДПБ Кулунду - 3 жабырлануучу,

4. ЖДПБ Сүлүктү – 3 жабырлануучу,

5. Улуттук госпиталда - 20 жабырлануучу,

6. Улуттук хирургия борборунда – 1 жабырлануучу.

7. Улуттук эне жана баланы коргоо борборуна – 6 жабырлануучу

Ошондой эле ыкчам маалыматка ылайык, Баткен облусундагы саламаттык сактоо уюмдарына мерт кеткен 24 кыргызстандыктын сөөгү түшкөн. Баткен облустук бириктирилген ооруканасына - 12, Лейлек ЖДПБсына - 10, Кулунду ЖДПБсына - 2.

"Каза болгон мекендештерибиздин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз", - деп айтылат билдирүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД