
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КРнын "Даңк" медалынын ээси, УТРКнын "Котормо" студиясынын продюсери Мырзакул Мамбеталиев мезгилсиз дүйнө салды. Бул тууралуу маркумдун жакындары билдиришти.
Мырзакул Мамбеталиев 1959-жылдын 20-февралында Чүй областынын, Чүй районунун Кош-Коргон айылында төрөлгөн.
vb.kg агенттигинин эмгек жамааты маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.