Чек ара кызматы: Тажик тарап Достук айылын миномет менен аткылоодо

КР УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы 2022-жылдын 17-сентябрында саат 11:15ке карата тажик тарап Баткен районунун Достук айылын миномет менен аткылап жаткандыгын билдирди.

Маалыматка караганда, тажик тарап үч минометтук экипаждан айылга ок чыгарган.

КР УКМКсы Чек ара кызматынын Баткен облусунун аймагында жайгашкан бөлүктөрү душмандын чабуулунун мизин кайтарууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД