Баткен облусуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Баткен облусуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

"Кечээ, 16-сентябрда Кыргызстан Тажикстан менен чектешкен аймактарда курал колдонуу менен катталган чыр-чатакка байланыштуу аймакка тынчтык абалга келтирүү, кагылышуунун очогундагы жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, эвакуациялоо көчүрүү иштерин жүргүзүү, адам өлүмүнө жеткирбөө жана тийиштүү күчтөрдү мобилизациялоо максатында, Баткен облусунун Жарандык коргонуунун башчысы – ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин 2022 жылдын 16-сентябрындагы буйругунун негизинде Баткен облусунун аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилген", - деп айтылат маалыматта.

Өзгөчө кырдаал жарыяланган аймак Баткен облусун камтыды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД