
Баткен облусундагы кырдаал тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматы:
2022-жылдын 17-сентябрынын 15:00гө карата Баткен облусунун Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 211-220 км (Развилка Чоң-Талаа), 265 км (Кара айыл бөлугү), 272 км (Төрт-Көчө бөлугү) жана Баткен-Кара-Бак, Баткен-Кызыл-Бел, Көк-Таш-Ак-Сай унаа жолунун 7 км аралыгындагы көпүрө жараксыз абалга келгендигине байланыштуу унаа жолдору каттам үчүн жабылган!
Ошондой эле, Лейлек районунун Кайрагач-Кулунду-Арка унаа жолу, эски багыттагы Ош-Баткен-Исфана жолунун 340-346 км аралыгы жабылган.
Төрт-Көл-Достук (Кара-Бак айылы), Ак-Сай-Рават, Миң-Булак-Чорго-Ак-Сай, Кок-Таш-Ак-Терек эвакуациялык жолдор ачык, каттам бар!