Баткенге жардам чогултуу үчүн өлкө боюнча 162 пункт ачылды

Кыргызстан боюнча Баткенге гуманитардык чогултуу үчүн 162 пункт ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой Ош облусунда - 44, Жалал-Абадда– 12, Нарында – 6, Ысык-Көлдө – 69, Таласта – 17, Чүйдө – 12, Ош шаарында -1, Бишкекте 1 пункт ачылган.

"Азыркы учурда Баткен облусуна жалпы 177 тонна гуманитардык жардам жеткирилди. Андан сырткары Бишкек шаарынан 160 тонна гуманитардык жардам 8 оор жүк ташуучу унаага жүктөлүп Баткен облусуна жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД