
2022-жылдын 18-сентябры саат 9:00 карата Баткен облусу боюнча жалпы 136 миң 770 жаран коопсуз аймакка эвакуацияланды.
Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынын жалпы 5301 жаран коопсуз жайларга эвакуацияланган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда Баткен облусуна жалпы 177 тонна гумжардам жеткирилип, мындан сырткары Бишкек шаарынан 160 тонна гумжардам 8 оор жүк ташуучу унаага жүктөлүп Баткен облусуна жөнөтүлдү.
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин буйругуна ылайык, бардык облустарда гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 162 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат, алар: Ош облусунда - 44, Жалал-Абад облусунда – 12, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 69, Талас облусунда – 17, Чүй облусунда – 12, Ош шаарында -1, Бишкек шаарында – 1 пункт.