Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусу. Арка айылындагы өрттөнгөн үйлөр

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Арка айылынын тургуну Сайрагул Токтоназарова Фейсбуктагы жеке баракчасына Тажикстандын кол салуусунан кийинки айылынын сүрөттөрүн жарыялады.

"Мына Лейлектин Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Арка айылындагы тонолуп, өрттөлгөн үйлөр, дүкөндөр. Мурдагы кол салууда да өрттөлгөн эле ушул дүкөндөр. Эми көпчүлүк жаңы салынган үйлөрдү да өрттөшүту. Ызам койнума батпай жатат!!!! Биз эмне оюнчукпузбу, зээриккенде ойной турган. Биздин бийлик ушунчалык эле коркокпу, эмнеге "жёстко" жооп бербейт, эмнеге?. Аларды да ушинтиш керек, билсин кандай оор болоорун. Жамшуддар жер жутсун силерди!", - деп жазган ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД