Төрт-Көчө аймагында жана Лейлектен Баткен районуна чейин жол ачык

Баткен облусунун Төрт-Көчө аймагында жана Лейлектен Баткен районуна чейин жол ачык. Бул тууралуу ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, аталган жолдордон жарандар коркпой каттай берсе болот.

"Баткен облусунун аймагында коомдук абал салыштырмалуу туруктуу. Күч органдары коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоодо. Облуста жалпы 2 миңден ашык кызматкер тартылган", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД