Орусия өлкөгө кирүү үчүн ПЧР-тест тапшыруу талабын кайра киргизди

Россия Федерациясына кирүү үчүн ПЧР-тест талап кылынат. Бул тууралуу COVID-19га каршы Республиканский штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, РФ аймагына кирүүчү бардык жарандар (эмделгендер же ооруп айыккандар дагы тесттен өтүшөт) тест тапшыруулары керек.

Аэропортто тесттен россиялыктар гана өтө алышат. Чет өлкөлүк жарандар алдын ала өтүүгө тийиш.

ПЧР-тесттин маалым каты англис жана орус тилдеринде болушу керек. Башка тилдердеги документ нотариустук түрдө которулган болушу шарт.

РФ жаранынын Россияга кирүү эрежелери:

Жарандар учуп келгенге чейин Мамкызмат көрсөтүүлөрдө саламаттык декларациясын толтурушат. Авиакомпаниялар учактын ичинде маалыматтарды кагаз түрүндөгү ден соолук анкетасыа киргизүүнү сурашат. Алардын бирөөнү эле колдонууга болбойт, т.а. эки анкета тең болушу керек.

Өлкөгө келгенде ПЧР тапшырылып, Мамкызмат көрсөтүүлөргө киргизилет. Бул үчүн 4 күн берилет.

Акыркы жарым жылда эмделген же ооруп айыккандар үчүн ПЧР-тест тапшыруунун кереги жок.

Бул маалымат учуп келгенден кийин 4 күндүн ичинде жеке баракчада көрсөтүлүшү зарыл.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД