
Баткен облусунун аймагында ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Бул тууралуу ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын начальнигинин орун басары Нурлан Исмаилов маалымат жыйындын жүрүшүндө билдирди.
Кагылышуулар болгон аймактарда ишки иштер министринин орун басары генерал-майор Октябрь Урмамбетовдун жетекчилиги алдында РИИБ кызматкерлеринен түзүлгөн кайгуулдар күнү-түнү иш алып барууда.
Бүгүнтөн тарта келтирилген зыянды аныктоо үчүн ведомстволор аралык комиссиялар жана териштирүү топтору түзүлүүдө.
Ал эми жергиликтүү тургундар арасында милиция кызматкерлери чагымчыл аракеттерге жол бербөө, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз уланып жатат.
Облустун аймагында оор жана резонанстуу кылмыштар катталган жок. Учурда абал турукташууда, укук сакчылары коопсуздукту камсыздоонун үстүндө иш алып барууда.