
БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында орун алган жаңжал боюнча ой-пикирин билдирди жана жаралган оор абалдан чыгуу жолдорун издөөгө жардам бере тургандыгын билдирди. Бул тууралуу башкы катчынын басма сөз катчысы Стефан Дюжарик ишембиде Гутерриштин атынан чыгып сүйлөгөнүн билдирди.
Кабарламада белгилегендей, Антониу Гутерриш Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында зордук-зомбулуктун күчөп жаткандыгын тынчсыздануу менен байкап жатат. Ал адамдардын курман болгондугуна байланыштуу терең кайгыруусун билдирип, жабыркагандарга жана алардын жакындарына көңүл айтат.
БУУнун тараптарынын талабы боюнча, маалымдамада баса белгиленгендей, чек арада орун алып жаткан пикир келишпестиктерди жөнгө салуу боюнча чечкиндүү кадамдарды издөөдө БУУ өз көмөгүн көрсөтөт.
"Башкы катчы ок атышуу толугу менен токтотуу үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын жетекчилери бир диалогго келүүсүнө чакырат. Эки тарап тең бар болгон бардык мүмкүнчүлүктөрдү, механизмдерди толугу менен колдонуп, кырдаалдын чыңалуусун азайтуусу абзел",- деп маалымдамада айтылат.