Баткен: чек ара жаңжалындагы чыгымды эсептей турган комиссия түзүлдү

Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудагы чыгымды эсептей турган комиссия түзүлдү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев билдирди.

Анын айтымында, 18-сентябрда саат 15:30да Баткен облусунун аймагында кырдаал салыштырмалуу туруктуу.

"Бардык кызматтар окуя болгон жерге чыгып кетишкен. Жеринде инфратүзүмдөрдү калыбына келтирүү иштери менен алек болууда. Кооптонууга негиз жок. Жарык, таза суу, интернет жана уюлдук байланыш калыбына келтирилүүдө. Ошондой эле коргоо жана ички иштер министрлиги тарабынан тиешелүү иштер аткарылууда", - деди ал.

Тулаев кошумчалагандай, президенттин облустагы өкүлүнүн буйругу менен бардык ведомствонун өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия түзүлдү.

"Комиссия келтирилген чыгымды эсептейт. Буга бир жума мөөнөт берилди", - деди облус башчысынын биринчи орун басары.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД