
Саламаттыкты сактоо министирлигинин орун басары Улан Садыков окуя болуп жаткан жеринен иш тартиби боюнча маалымат берди.
Анын айтымында Бишкек, Ош, Жалал-Абад областтарынан жетиштүү деңгээлде дарыгерлер тартылган. Алдын алган статистика боюнча 139 жаран оор, орточо оор, өтө оор абалда, 36 адам көз жумган.
168 адам Бишкек жана Ошко авиациянын жардамы менен ооруканаларга жөнөтүлдү, алардын жарымы жаракат алгандар жарымы коштоп баруучулар.
Бишкек шаарынан чоң партияда даары дармектер алынып, үй-бүлөлүк дарыгерлерге жана райондорго бөлүштүрүү процесси жүрүп жатат.
Эвакуациядагы элдерге психологиялык жактан көмөк көрсөтүү максатында 20 психолог тартылды, алар тынымсыз элдерге психологиялык жактан көмөк көрсөтүп жатат.