Баткен облусуна жалпы 393 тонна гумжардам жеткирилди

Медиаштаб 2022-жылдын 18-сентябры саат 20:00гө карата абал тууралуу маалымат берди:

Азыркы учурда жалпы 136 миң 770 жаран коопсуз аймакка эвакуацияланган.

Баткен облусу боюнча жалпы 47 убактылуу кабыл алуу жайлары (ПВР) ачылган.

Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран коопсуз жайларга эвакуацияланган.

Учурда Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринин жатаканаларында 1890 орун даярдалган. 18-сентябрга карата 392 жаран жайгашкан.

Азыркы учурда Баткен облусуна жалпы 393 тонна гумжардам жеткирилип, анын ичинен 81 тонна КР ӨКМ тарабынан жеткирилип, 192 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген, учурда кампада 120 тонна гуманитардык жардам турат.

Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар 39 оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп (635 тонна) Баткен облусунун аймагына жөнөтүлдү.

Республикабыздын бардык аймактарында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 188 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат:

- Ош облусунда – 44;

- Жалал-Абад облусунда– 12;

- Нарын облусунда – 6;

- Ысык-Көл облусунда – 69;

- Талас облусунда – 43;

- Чүй облусунда – 12;

- Ош шаарында –1;

- Бишкек шаарында – 1.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД