
КРдин Саламаттыкты сактоо министрлиги 2022-жылдын 18-сентябры саат 22:00гө карата (оперативдүү маалымат) саламаттыкты сактоо уюмдарына кайрылгандардын жалпы саны 144 адамды түзүп, анын ичинен 7 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөнүн билдирди.
Жабыркагандардын көбү Бишкек жана Ош шаарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына которулган (102 жабырлануучу):
1. Улуттук госпиталда - 71 жаракат алган жараан;
2. Улуттук хирургиялык борбор – 8 жабырлануучу;
3. Эне жана баланы коргоо улуттук борбору – 8 жабырлануучу
4. Тез жардам ооруканасы - 9 жабыркаган;
5. Ош облустук бириккен ооруканасы – 4 жабырлануучу;
6. Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасы – 2 жабырлануучу.
Калган жабыр тарткан жарандар Баткен облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарында стационардык дарыланууда. Баарына керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Мындан сырткары кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү.
▪️Баткен облусунан алынган ыкчам маалыматтар боюнча, дагы 13 каза болгон адамдын сөөгү Баткен облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарына келип түшкөн. Баткен облусунда куралдуу кагылыштан каза болгондордун жалпы саны 59 адам.