КР УКМКнын Чек ара кызматынын ММК менен иштөө башкармалыгы 2022-жылдын 19-сентябры саат 08:00гө карата Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде жана Баткен облусунун аймагында кырдаал курч бойдон деп билдирет.
Маалыматка караганда, 18-сентябрдан 19-сентябрга караган түн тынч, окуясыз өттү; ок атышууну токтотуу келишимдерин бузуулар катталган жок.
Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан КР УКМКнын Чек ара кызматынын бөлүмдөрү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөшүүдө.