Тажикстандын куралдуу кол салуусу: Кыргызстан бүгүн аза күтүүдө

Бүгүн, 19-сентябрь - Кыргызстанда Улуттук аза күтүү күнү.

14-17-сентябрда Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон куралдуу конфликтте Кыргызстандын 59 жараны курман болуп, дагы 144 киши жараат алды. Аймактан 140 миңден ашуун адам коопсуз жайга көчүрүлдү.

Бул күнү өлкөдө, чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргызстандын туусу ылдый түшүрүлөт. Маданий жайларда, маалымат каражаттарында оюн-зоок иш-чаралары, көңүл ачуучу берүүлөр токтотулат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД