Баткенде милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө

Баткенде ИИМдин кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Баткен облусунда абал туруктуу бойдон турат, бирок чыңалуу сакталууда.

Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Лейлек району боюнча ички иштер органдарынын башка укук коргоо органдары жана мамлекеттик уюмдар менен бирге ыкчам өз ара аракеттенүүсү боюнча иш-аракеттерди, коомдук коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоону координациялоодо.

Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын Ички иштер министрликтиринин өкүлдөрү жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыздоо жана чек ара аймактарындагы чыңалууну жоюу максатында Канибадам-Ходжент унаа жолунун чек ара тилкесинде күнү-түнү биргелешип күзөтүүнү макулдашты.

Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Лейлек районунда Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Ички иштер министрликтеринин 30 ашык кызматкерлеринен турган биргелешкен кайгуул-күзөт иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Милиция кызматкерлери укук бузууларды жана чагымчылдыкты алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Баткен ОИИБдин өздүк курамы жана кошумча тартылган күчтөр коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздашууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД