Тажикстандын кол салуусу: ИИМдин Ички аскерлеринин 4 кызматкери көз жумган

Баткен облусунун чек ара аймагында курман болгон 707 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчыларынын туугандарына көңүл айтабыз.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин Командачылыгы жана өздүк курамы Баткен облусунун чек ара аймагындагы куралдуу кагылышууда курман болгон 707 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчылары улук сержант Каныбек уулу Дурустун, кенже сержант Баатырбеков Манас Баатырбековичтин, улук сержант Ташбеков Ачылбек Абдибаабовичтин, катардагы жоокер Абдилабеков Айбек Авалткановичтин туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Жоокерлерибиздин жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат!


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД