Ысык-Көлдөн Баткенге 200 тонна гумжардам жөнөтүлдү

Ысык-Көлдөн Баткен облусуна 200 тоннага жакын гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгөн билдиришти.

Тажикстандын Кыргызстандын аймагына куралдуу кол салуусунан улам түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Ысык-Көл облусунун бардык аймактарында гуманитардык жардамдарды кабыл алуу үчүн 69 пункт ачылган.

Жергиликтүү тургундар азык-түлүк, керектүү буюмдарды, ошондой эле акча чогултууга активдүү катышууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД