Тажикстандын кол салуусу: Жабыркагандардын саны 163кө жетти

Тажикстандын кол салуусунан жабыркагандардын саны 163кө жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Саат 9:00гө карата маалыматка ылайык, Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарына бир түн ичинде 19 жабырлануучу медициналык жардам алуу үчүн кайрылган анын ичинен 12 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.

Ооруканаларда жалпысынан 144 адам дарыланууда, 19 жаран амбулатордук шартта дарыланууга жөнөтүлдү.

Жабырлануучулардын көпчүлүк бөлүгү Бишкек жана Ош шаарынын саламаттык сактоо уюмдарына которулду (102 жабырлануучу).

Улуттук госпитал – 71 жабырлануучу;

Улуттук хирургиялык борбор – 8 жабырлануучу;

Эне жана баланы коргоо улуттук борбору – 8 жабырлануучу;

Тез медициналык жардам ооруканасы – 9 жабырлануучу;

Ош облустук бириккен ооруканасы – 4 жабырлануучу;

Ош облустар аралык клиникалык балдар ооруканасы – 2 жабырлануучу.

Калган жабырлануучулар Баткен облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарында стационардык дарыланууда. Бардык жабырлануучуларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү санда бар.

Баткен облусундагы куралдуу кагылыштан каза болгондордун жалпы саны 59 адамды түзөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД