Борбор калаада кайгуул кызматкерлери адашып жүргөн жаш баланы таап, үйүнө жеткиришти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 18-сентябрда болжол менен саат 17:20 чамасында Тоголок Молдо жана Ленинград көчөлөрүнүн кесилишинде жаш бала адашып жүрөт деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, болжол менен 4-5 жаштагы бала адашып жүргөндүгү аныкталган.
Чакыруу менен келген кайгуул кызматкерлери жаш баланы кызматтык унаага отургузуп, үйүн таап, апасына сак-саламат жеткирип беришкен.
Баланын апасы баласын издеп жүргөндүгүн айтып, кайгуул кызматынын ыкчам аракетине рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирген.