Баткенде сегиз мектеп жана бир бала бакча жабыркады

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан Баткен районунда 8 мектеп, 1 бала бакча жабыркаган. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Маалым болгондой мектепке ок, снаряддар тийген.

"Баткен районунда окуу процессин баштай албай жатабыз. Биринчиден, жергиликтүү штабдын чечимин күтүүдөбүз. Экинчиден, 8 мектеп жана 1 бала бакча жабыркаган. Терезе, чатыр, корпустары талкаланган. Мындан улам азыр окуу процессин баштоо мүмкүн эмес. Ошондой эле мугалимдер да жабыркап, дарыланышууда", - деди ал.

Анын айтымында, Баткен шаарында да окуу токтоп турат.

"Башында эл Баткен шаарына эвакуация болгон. Андан кийин ал жакка да коркунуч жаралгандыктан, ал жерден да башка жакка көчүрүлүшкөн. Лейлек районунда 40 мектепте жана 23 бала бакчада бүгүн окуу башталды. Ал эми чек арада жайгашкан 26 мектеп менен 30 бала бакчада окуу токтоп турат", - деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД