Бишкек шаарындагы Республикалык кан борборуна Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин жүздөн ашуун офицерлери, прапорщиктер, сержанттар жана катардагы жоокерлери келип, ыктыярдуу донор болуп, кан тапшырышты. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ошондой эле, Баткен районунун Кызыл-Кыя шаарындагы №43- жатак абагынын кызматкерлери жергиликтүү медициналык мекемеде кан тапшырышты.