Баткенде гумжардам кабыл алуу жана жеткирүү боюнча ыкчам байланыш иштөөдө

Баткенде гуманитардык жардам кабыл алуу жана жеткирүү боюнча ыкчам байланыш иштөөдө. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 19-сентябрга карата Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган жарандарга жалпы 506 тонна гуманитардык жардам келип түшүп, анын 116 тонна КР ӨКМ тарабынан муктаждарга таратылды. Учурда облустун кампасында дагы 89 тонна гуманитардык жардам бар.

Белгилей кетсек облус аймагына келген гуманитардык жардамдарды кабыл алуу жана даректүү бөлүштүрүү боюнча облустук комиссияны облус башчысынын орун басары Тимур Мадяров жетектөөдө.

Учурда гуманитардык жардам боюнча өкүлчүлүктүн имаратында ыкчам байланыш номуру иштеп жатат.

Байланыш телефону: ( 03622)5 05 26

0773 61 09 41

0553 61 09 41

0774 40 07 70

Гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү боюнча:

Баткен шаары боюнча вице-мэр – Мансур Маматисаев 0225 24 25 26

Баткен району боюнча аппарат жетекчи – Матмуратов Алимбек 0772 01 00 02

Лейлек району боюнча акимдин орун басары – Максатай Каримбердиева 0779 07 62 22

Сүлүктү шаары боюнча вице-мэр Бабаев Ильяз - 0772 24 54 81

Кадамжай району боюнча акимдин орун басары Асанова Сейликан 0774 01 17 98

Баткен облусуна гуманитардык жардам берүүнү каалагандар жана жардамга муктаж болгондор жогорудагы кызматкерлерге кайрылсаңыздар болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД