ИИМ: Тажикстандын кол салуусу боюнча кылмыш иши козголду

Тажикстандын кол салуусу боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда Баткен облусунда абал туруктуу бойдон турат, бирок чыңалуу сакталууда.

Министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов Баткен облусу боюнча ички иштер органдарынын жана ага кошумча күч катары берилген күч каражаттарынын коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чараларын, Тажикстандын кол салуусунан жабыркаган турак-жайларды, мамлекеттик имараттарды, соода-сатык түйүндөрдү толугу менен карап чыгуу жана анын чыгымдарын аныктоо боюнча түзүлгөн тергөө топторунун ишмердүүлүгүн толугу менен көзөмөлдөөдө.

Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын Ички иштер министрликтеринин кызматкерлеринен турган биргелешкен кайгуул кызматтары күнү-түнү коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сактоо багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Баткен облусунун аймагында орун алган окуя боюнча КР Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 402-беренеси ("Тынчтыкка каршы кылмыштар") менен кылмыш иши козголгон.

"Тажикстандын кол салуусу боюнча ар тараптуу, кылдат текшерүү иштерин алып баруу максатында, Баткен облусунун аймагында ведомстволор аралык тергөө тобу түзүлүп, тергөө иштери башталды. Тергөө тобунун курамы ИИМдин, Башкы прокуратуранын, аскер прокуратурасынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, Өзгөчө кырдаалдар жана Коргоо министрликтеринин өкүлдөрүнөн түзүлүп, иштеп жатышат. Түзүлгөн топ жабыркаган айылдарда кароо иштерин жүргүзө баштады. Бүгүнкү күнгө карата тергөө топтору тарабынан ок атышуу учурунда жабыркаган турак үйлөрдү жана соода-сатык түйүндөрүнө, он беш обьектиге кароо иштери жүргүзүлүп, келтирилген чыгымдарды аныктоо иш-чаралары башталды.

Ошондой эле Баткен облусуна келген гуманитардык жардамдардын сарамжалдуу жана туура бөлүштүрүлүп, жарандарга жеткирилишине да көзөмөл болууда. Баткен облустук милициясынын өздүк курамы жана кошумча күчтөрү жана Ички аскерлердин аскер кызматчылары тарабынан коомдук коопсуздукту камсыздоо, кайгуул иштерин күнү-түнү жүргүзүү, тергөө иштерин сапаттуу жана ыкчам жүргүзүү боюнча облустун бардык аймактарына өзгөчө катуу көзөмөл жүргүзүлүүдө. Абал толугу менен көзөмөлдө", - деди Октябрь Урмамбетов.

Мындан тышкары, Баткен жана Лейлек райондорунун чек арага жакын айылдарында жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу иштери да жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД