ӨКМ: Баткен облусуна жалпы 584 тонна гумжардам жеткирилди

КР ӨКМ 2022-жылдын 19-сентябры саат 12:00гө карата жалпы Батккен облус боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 3427 жаран убактылуу кабыл алуу жайларга жайгашкандыгын (жалпы 45 ПВР) маалымдады.

Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди а/а Кара-Тейит, Кара-Мык, Шибээ, Жекенди, Чулук айылдарынан 5301 жаран эвакуацияланган.

Ошондой эле Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринин 17 жатаканаларында 1890 орун даярдалып, 512 жаран жайгашкан.

Баткен облусуна жалпы 584 тонна гумжардам жеткирилген. Анын ичинен 116 тонна КР ӨКМ тарабынан, 379 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген, учурда кампада 89 тонна гуманитардык жардам турат.

Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар 39 оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп (635 тн) Баткен облусунун аймагына жөнөтүлүлгөн.

Республиканын бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 188 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат:

- Ош облусунда – 44;

- Жалал-Абад облусунда– 12;

- Нарын облусунда – 6;

- Ысык-Көл облусунда – 69;

- Талас облусунда – 43;

- Чүй облусунда – 12;

- Ош шаарында –1;

- Бишкек шаарында – 1.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД