Кыргызстандын аэропортторунун иши үзгүлтүккө учураган жок

Бардык каттамдар графикке ылайык аткарылууда, Кыргызстандын аэропортторунун иши үзгүлтүккө учураган жок. Бул тууралуу 19-сентябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары Тимур Аскаров билдирди.

"14-сентябрдан 18-сентябрга чейин болгон бардык кыйынчылыктарга карабастан, Кыргызстандын аэропортторунун ишинде мүчүлүштүктөр болгон жок. Чек арада жанжал башталгандан бери авиакомпаниялардын да, "Манас" эл аралык аэропорту" ААКнын да бардык каражат-күчтөрү мобилизацияланып, иштер күчөтүлгөн режимде жүргүзүлүп, бардык каттамдар штаттык режимде аткарылды", - деди ал.

Аскаровдун айтуусу боюнча, жаракат алган жарандарды, балдарды жана аялдарды Бишкекке жеткирүү үчүн учактарды колдонуу зарылдыгынан улам айрым каттамдар токтотулган, бирок түштүккө болгон учуулар башка авиакомпаниялар тарабынан аткарылып келген.

"Жаракат алгандарды жеткирүүгө ата мекендик Tez Jet, AviaTraffic жана Aeronomad авиакомпаниялары активдүү катышып, жардам беришти. Ошондой эле, жүк ташуучу 2 авиакомпания тартылып, алар өз салымдарын кошушту. Жардам үчүн аларга ыраазычылык билдирем", - деп жыйынтыктады Аскаров.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД