Тажикстан барымтага алган төрт чек арачы Кыргызстанга кайтарылды

Эки тараптуу кыргыз-тажик ок атышууну токтотуу жана кырдаалды турукташтыруу боюнча макулдашууларды камсыздоо боюнча иштер улантылууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Чек арага жакын аймактардын жашоочуларынын коопсуздугун камсыз кылуунун алкагында Ташиев тажик кесиптеши менен тыгыз байланышта болууда.

Кечээ түштөн кийин Ташиев укук коргоо органдарынын жана облустук бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Тажикстандын аймагында болуп, тиешелүү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тажик тарабынан кармалган УКМК чек ара кызматынын төрт аскер кызматкерин бошотууну макулдашышты.

19-сентябрда саат 21:00гө карата УКМК төрагасы Ташиев бошотулган 4 чек арачы менен бирге Баткен облусунун "Кызыл-Бел" көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстанга кайтып келди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД