Кадамжай жана Чоң-Алайда жолдорду калыбына келтирүү иштери жүрүүдө

Баткендин Кадамжай районунда жана Оштун Чоң-Алай районунда жолдорду калыбына келтирүү иштери аткарылууда. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Үч-Коргон (Кадамжай) – Дароот-Коргон (Чоң Алай) унаа жолунун 76–80-чакырым аралыгында оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

Жумушка эки бульдозер, эки жүктөгүч, үч экскаватор, эки грейдер, төрт жүк түшүргүч тартылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД