№52 жатак абагынын кызматкерлери Баткен областынын тургундарына гуманитардык жардам жөнөтүштү.
ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарында жайгашкан №52 мекеменин кызматкерлери жабыр тарткан баткендиктерге 10 миң сомдук гуманитардык жардам чогултушту.
Булар 6000 сомдук ар кандай тамак-аш азыктары (макарон, чай, туз, май ж.б.), ага кошумча 4000 сомдук дизель майы.